Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
КР УКМК тарабынан баңги каражаттарын, анын ичинде психотроптук каражаттарды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен бирдикте күчтүү таасир этүүчү баңги заттарды өлкө аймагына ташып келүү менен шугулданган кылмыштуу топтун аракеттерине бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди тиешелүү уруксаат кагаздары жок алып кирүү учурунда «А.М.Ш» аттуу КР жараны кармалды. Колго түшкөн каражаттарды атай кетсек: «Тропикамид» 288 таңгак, «Мидакс» 2160 даана жана «Лирика» 230 таңгак. Булардын баары адамдын ден соолугуна күчтүү таасир этүүчү психотроптук каражаттар экени аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагында психотроптук каражаттарды сатуу боюнча ортомчулары жана уюштуруучулары КР жарандары - «А.М.Ш.», «Ж.У.Э.», «Ж.У.М.» жана «З.У.А.» кармалып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ЖАМК No21 мекемесине киргизилди.
Учурда КР УКМК бул иш боюнча тиешелүү бардык жагдайларды, байланыштык жана контрабандалык схемаларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.