Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 508

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

Ири өлчөмдөгү баңгизат... Бишкекте эл аралык кылмыштуу топ кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

 КР УКМК атайын операциянын жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу Европа өлкөлөрүнө оор "героин" баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
       Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында жалпы салмагы 174 кг 800 гр "героин" баңги каражаты табылып алынган. (Кыргыз Республикасынын аймагында баңги жүктүн дүң баасы 130 миллион сомдун тегерегинде, Европа өлкөлөрүндө баасы 600 миллион сомдун тегерегинде болушу мүмкүн).
       Башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте эл аралык баңги каналынын уюштуруучулары жана аткаруучулары кармалды.
       Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.