Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 603

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

УКМК: Караколдо пара талап кылган жаран кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан  иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык – Көл облусунун «Каракол – Кызыл-Суу» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу (такси)  боюнча ишкерлик кылууга уруксат берүү шылтоосу менен 656 миң сом алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны Д.Н.М. кармалды.

Ал өзүнүн иш-аракетин мыйзамдаштыруу максатында «Н.Т.» ЖЧКсы ишкердик субъекти аркылуу транспорттук жана ортомчулук кызматтарды көрсөтүү боюнча жасалма келишимдерди түзгөндүгү аныкталган. Учурда кармалып, Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.