Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 486

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Кызды бетке чаап, видеосу тараган киши кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Социалдык тарамактарда аял кишини жемелеп, жаагына чапкан кишинин видеосу тарады.

УКМК бул жаранды көпкө узатпай кармады. Ал ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны Р.О. экендиги аныкталды.

Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, жабыркаган кыз арыз менен кайрылып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.