Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 534

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

Бишкекте адам уурдоого шектелип үч жаран кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте адам уурдаган деген шек менен 38, 30 жана 27 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Свердлов РИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 15-июнда саат 13:00 чамасында Жибек Жолу проспекти менен Буденный көчөсүнүн кесилишинен бир жаранды белгисиз тарапка уурдап барышып, аны коркутушуп, 23 миң сом акчасын тартып алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.