Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 483

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.

Базар-Коргондо милицияга мэриянын кызматкери пара берип жатып кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда милицияга пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 12-июнда милицияга маалымат келип түшкөн. Анда кылмыш ишинде суралып жаткан К.Б. аттуу жаран мыйзамдуу жоопкерчиликтен качуу максатын көздөп, бир нече жолу бөлүм башчыларынын бирине пара сунуштаган.

Бул факты боюнча "Пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Натыйжада ал 80 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Ал шаардык мэриянын муниципалдык ишканасынын башчысы болуп иштейт.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.