Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 582

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Москвада кыргыздардын «смотрящийи» деп аталган жаран кармалып, Бишкекке алып келинди.

ИИМ билдиргендей, 10-июнда Москвада Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн М.М. аттуу жаран кармалды.

Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. М.М. оор кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталууда.

«Ал Москва шаары жана Москва облусу боюнча "смотрящий" болчу», - деп айтылат расмий маалыматта.