Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 584

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Ок атуучу куралды сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 32 жаранга протоколдор түзүлдү

Ош облусунда "Арсенал" ыкчам алдын алуу иш-чарасы учурунда 6 курал алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, атайын иш-чаранын жүрүшүндө 1250 мергенчиликти сүйүүчүлөр, 60 газ-жарат келтирүүчү куралы бар жарандар жана 2 сыйлыкка берилген куралдын ээси текшерилди.

"Ок атуучу куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 32 жаранга протоколдор түзүлүп, 477 миң сом айып пул салынды. Мыйзамсыз иш аракеттерди аныктоо максатында 624 автоунаа, 3466 үй ээси, 15 базар, 2 мейманкана, 9 көңүл ачуучу жай текшерилди. Анын алкагында 6 даана ок атуучу курал мыйзамсыз сакталгандыгы үчүн алынды",- деп айтылат маалыматта.