Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
КР УКМК коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жана жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарга бөгөт коюу максатында, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары А.М.Б. жана анын жакын тууганы Б.А.Б. кармалды.
Тактап айтканда, КР УКМК аталган А.М.Б. мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен байланышын пайдаланып, уюшкан топтун курамында Ысык-Көл районунун курорттук-рекреациялык зонасындагы жер участокторун жеке менчикке берүү жөнүндө токтомдорду жана башка документтерди жасалмалап жүргөндүгүн аныктаган. Андан соң аларды өздөрүнө тиешелүү адамдардын атына каттатып, үчүнчү жактарга саткан.
Учурда алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактылары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Ушуга байланыштуу, КР УКМК кармалган адамдардын бардыгынан жабыр тарткандарды же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондорду Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын нөөмөт кызматына 0 (03922) 5-11-80 байланыш телефону аркылуу кайрылууну суранат.