Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 578

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө жасалып жаткан мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт коюлду.

Атайын кызматка казыяттын кызматкерлери мечит, медреселерден системалуу түрдө акча чогултуп келгени тууралуу арыз түшкөн. Анын негизинде кылмыш иши козголуп, 4 кызматкердин иш бөлмөлөрү тинтүүгө алынган.

Акча чогултуу фактылары аныкталып, Т.М.Б жана М.Ж.М аттуу эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.