Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 624

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бишкекте өспүрүмдү бычактап, унаасы менен сүзүп качкан жигит кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 14-майда Бишкекте өспүрүмдү сүзүп изин жашырып кеткен жигит кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын маалыматында айтылат.

Анда белгиленгендей, окуя 13нөн 14-майга караган түнү саат 03:00 чамасында Курманжан Датка көчөсүндө орун алган. Анда шектүү пикир келишпестиктен улам 2008-жылы туулган А.У. аттуу жашы жете элек өспүрүмгө бычак сайып, аны Хундай Соната үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иш козголуп, 2007-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.