Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 514

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

{{ item.title }}

Нарын облустук бириккен ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды.

Атайын кызмат тарабынан саламаттыкты сактоо системасындагы коррупциялык иштерди аныктоо жана бөгөт койууга багытталган ыкчам иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында, Нарын облустук бириккен ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы К.Т.С. пара талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган К.Т.С. Нарын облусунун Ак-Кудук айылынын тургуну К.У.Т. дан анын атасына жасалган операциясы үчүн 90 миң сомду опузалап талап кылган.

Соттун санкциясына ылайык, кармалган К.Т.С. Нарын шаарындагы №24 ТУКЖ киргизилди.