Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 485

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.К.А. аттуу жарандын расмий киреше булактары жоктугу аныкталып, бирок ошол эле учурда – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борборундагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү, тактап айтканда, үч кабаттуу коммерциялык жайды, «Уют» жана «Уют плюс» мейманкана комплекстерин кылмыш жолу менен сатып алып, мыйзамдаштырып алганын аныкталды.

          Аталган К.К.А. буга чейин, маркум кримтөбөл К.Асанбектин жакын шериги болгон жана анын кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын легалдаштырууга жана адалдоого катышып жүргөн.
          Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, К.К.А. жогоруда аталган мүлктү Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди. 
          Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.