Бишкек, "САЯСАТ.KG". Өкүмдү судья Мирлан Термечиков чыгарды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 17-апрелде «мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишти карап, Алмазбек Атамбаевге карата чечим чыгарды.
Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев «АКИpress» агенттигине билдиргендей, мурдагы президент Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча күнөөлүү деп табылды (эски редакция), бирок жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган жок.
Өкүмдү судья Мирлан Термечиков чыгарды.
Биринчи май райондук соту 2020-жылдын 23-июнунда Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 млн сом өлчөмүндө айып салган, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди эки жылга эркинен ажыраткан, бирок камакта кармоо мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу аны сот залынан бошотушкан.
Академик Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылган, бирок жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ага жаза дайындалган эмес.
Бишкек шаардык соту 2020-жылдын 14-августунда өкүмдү күчүндө калтырган.
Жогорку сот 2020-жылдын 30-ноябрында мурунку инстанциялардын бардык чечимдерин жокко чыгарып, ишти жаңы кароого жөнөткөн.
Бирок Жогорку сот 2021-жылдын октябрь айында мурунку инстанциялардын өкүмүн кайра жандандырган.
2023-жылдын февраль айында Жогорку сот Атамбаевдин адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кайра жандандыруу жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырган.
Жогорку соттун кылмыш иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 12-октябрындагы жана 2022-жылдын 15-мартындагы Атамбаевге карата токтомдору жокко чыгарылган.
Кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.
Булак: Баракелде