Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Пайдалуу кендерди казууга мыйзамсыз лицензия берүү схемасы аныкталды.
Атайын кызмат контрчалгындоо кызматынын аймагында кум-шагыл аралашмасын казууга лицензия берүү боюнча коррупциялык схемаларды демонтаждоого багытталган ыкчам - издөө иш-чараларынын алкагында КР жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен иш жүргүзгөн бир катар компаниялар боюнча маалымат алды.
Тактап айтканда, КР жарандары Ж.М. кум-шагыл карьерлеринин долбоорлоочусу жана Ш.А. Чүй-Бишкек обладминистрациясынын жер-суу көзөмөлдөө кызматынын инспектору – жер казынасын пайдалануу жаатындагы КР колдонуудагы мыйзамдык ченемдерин жана талаптарын бузуу менен жеке материалдык баюу максатын көздөшүп, Кытай инвесторлоруна 250 миң долларга мыйзамсыз сатып жиберишкен.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган адамдар кармалып, Октябрь сотунун чечими менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине жайгаштырылды.
Учурда УКМК тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле жогоруда аталган фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.