Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
«Айфон 16» жана «Самсунг S25» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду.
Таласта УКМК чек ара кызматы менен биргеликте өлкө аймагына болжолдуу баасы 700 миң АКШ долларын түзгөн кымбат баалуу iPhone 16 жана Samsung S25 уюлдук телефондорунун ири партиясын мыйзамсыз алып келүү аракетинин алдын алды.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.