Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Өлкө аймагында жашыруун террордук топтун 30 жактоочусу кармалды.
Аталган уюмдун мүчөлөрү системалуу түрдө жашыруун жыйындарды өткөрүшүп, анда радикалдык идеологияны үгүттөп, террористтик ишти каржылоо үчүн акча каражаттарын чогултуп турушкан.
Топтун иши чет жактагы эл аралык террордук уюм тарабынан координацияланганы белгиленди. Ошондой эле алар өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө каршы «жихад» жасоону, атайын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине террордук актыларды пландаганы айтылды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

