Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 610

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Ошто Өзбекстандын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн экстремисттик топтун башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө жана техникалык иш-чаранын алкагында, Ош шаарынын аймагында Фергана өрөөнүндөгү жашыруун экстремисттик топтун башчысы М.М.Х. кармалды. Ал 2022-жылдан бери Өзбекстандын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

Кармалгандын жакын кылмыштуу байланыштарын аныктоо учурунда Кара-Суу шаарынын тургуну 1998-жылы туулган И.Б.Б. такталган. Анын алкагында, чогултулган далилдердин негизинде УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, тинтүү иш-чарасы өткөрүлгөн.

Жыйынтыгында “Хизбут Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешеси бар баракчалар, китептер, телефондор жана планшеттер табылып алынган.

2025-жылдын 14-февраль күнү Кара-Суу шаардык соту тарабынан И.Б.Б. 4 жылга эркинен ажыратылган.

Азыркы учурда И.Б.Б.нын кылмыштуу байланыштарын аныктоо максатында, ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.