Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 502

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

КР УКМК мамлекеттик менчиктеги мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын  алкагында Ош облусунун Алай районундагы мурда сүт-товар фермасына таандык болгон жер тилкесин менчиктештирүүдөгү тартип бузууларды аныктады.
       Аталган жер тилкеси 1995-жылы Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарын бузуу менен жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталган.
       Тергөөнүн алкагында аталган жер тилкесинин ээси М.С.Ж. КР УКМК кызматкерине текшерүү иштерин токтоткондугу үчүн пара берип жаткан учурда кармалды.
       Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ош облусунун Алай районундагы сүт-товар фермасынын жер тилкесинин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, жогоруда белгиленген жер участогун өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди.
        КР УКМК тарабынан мамлекеттик менчиктеги мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.