Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 430

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

УКМК тарабынан баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө "Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан" багыты боюнча эл аралык наркоканалды уюштурган Ош облусунун айрым жашоочуларынан турган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердиги аныкталып, бөгөт коюлду.

       Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Ж.Х.Х .жана К.И.А. аттуу жарандар кармалган. Ж.Х.Х.нын үйүн тинтүү учурунда. 9 кг 793 гр салмактагы 10 брикет  «Афган Чарс» баңги заты жана 1 кг белгисиз синтетикалык заттын 1 брикети табылган. Учурда аталган белгисиз заттын баңги зат экенин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, К.И.А.нын үйүндө салмагы 133,99 граммды түзгөн «Афган Чарс» баңги затынын 1 брикети табылган. 
       Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрүнө карата Ош шаардык соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
       УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иштерди улантууда.