Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 530

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду

Таш-Көмүрдө бала бакчанын жер тилкесинин мыйзамсыз менчикке өткөрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жооптуу кызмат адамдары "Мишутка" балдар бакчасына таандык 3 млн 500 миң сомду түзгөн 1 717 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Таш-Көмүр шаардык ИИБге тапшырылды.

Учурда бала бакчанын жер тилкесин кайтаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.