Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

2025-жылдын 23-январында козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунун чек ара  аймагында Өзбекстан Республикасынын жаранына күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын өткөрүп берүүгө аракет кылган учурда 1999-жылы туулган М.у.Э. аттуу КР  жараны кармалган.

       Тактап айтканда, кармалган адамды тинтүү учурунда 396 даана «Тропикамед», ал эми жашаган жеринен  (Кыргыз Республикасындагы дары-дармек каражаттарынын реестринде катталбаган) 25 даана «Регопен» таблеткасы табылган.
       Маалымдама: "Тропикамед", "Регопен" күчтүү дары-дармектер, алар дарыгердин рецепти менен гана сатылат, соода түйүндөрүндө "дарылардын кыймылын жана келгендигин каттоо китеби" болушу керек. Башка дарылар менен айкалыштырып колдонууда катуу көз карандылык пайда болот.
       Кечиктирилгис ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунда жашаган КРнын Т.у.М. аттуу жараны КРдан Өзбекстанга товар ташуу боюнча мыйзамсыз каналдын уюштуруучуларынын бири катары аныкталып, тинтүү учурунда «ESSE CHANGE» үлгүсүндөгү акцизсиз 60 куту, баасы 4 млн. сомго жакын тамеки продукциясы табылган. Мында салык мыйзамдарын бузуунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке 2 млн 335 миң сомго жакын зыян келтирилген.
        Кармалган КР жараны Т.у.М. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.