Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 504

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө

Коргоо министрлигинин кампасында турган 4 млн сомдук материалдык баалуулуктар уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

КР Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлиги менен биргеликте Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, борбордук кампасында сактоодо турган 4 млн сомго бааланган материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери менен бирге кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.