Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 470

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Лейлек маданият бөлүмүндө жасалма ведомосттор аркылуу 6,5 млн сом уурдалганы аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Баткен облусунун Лейлек районунун прокуратурасы тарабынан Лейлек райондук маданият бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө 2022-2024-жылдары бөлүмдүн башкы эсепчиси жасалма ведомосттор аркылуу 6 млн 523 миң 917 сом акча каражатын кымырып алгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КРКылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.