Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 474

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну ипотекалык турак жай алуу үчүн алдыңкы кезекке турууга жардам берем деп жашоочуларды алдап жүргөн жаран кармалды. 

Атайын кызмат тарабынан Жалал-Абад шаарында ипотекалык турак жай берүүгө байланыштуу алдамчылыкка шектелип Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Б.А.Э. кармалды.

Кармалган жаран өзүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү адамы катары көрсөтүп, анын жеке тапшырмасына таянуу менен Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан үйлөрдөн батирлерди алуу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программасынын катышуучуларынын тизмесине алдыңкы кезекке киргизүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун убада кылып, алдоо жолу менен жарандардын акча каражаттарын ээлеп алгандыгы аныкталган.

Учурда аталган Б.А.Э.нин ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы кармалган адамдын аракеттеринен жабыркаган жарандарды, ошондой эле алдамчылык фактылары тууралуу маалыматтарды: (03722) 5-60-49, 0(556) 06-18-83 телефон номерлери аркылуу билдирүүгө чакырат.

УКМК жарандарды сак болуп, алдамчылардын таасирине алдырбоого чакырат жана ипотекалык насыялоо программасына катышуу үчүн арыз берүү процедурасы электрондук түрдө жүргүзүлүп, үчүнчү жарандын ортомчулугун талап кылбасын эскертет. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын тизмелеринин тартибине кийлигишүүгө байланышкан ар кандай аракеттерге тыюу салынат жана КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.