Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Жалпы аянты 28 143,27 чарчы метр болгон Кант шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.
1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар «Каниет» ААКнын жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган, анда мамлекеттин үлүшү 39,25% түзгөн. Бирок, менчиктештирилген учурдан тартып «Каниет» ААКдан кандайдыр бир дивиденддер мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «Каниет» ААКсы өз ыктыяры менен Кант шаардык мэриясынын балансына сметалык баасы 800 млн 908 миң 388 сомду түзгөн жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананы (автостанция) өткөрүп берген.