Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 952

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүү Т.Э. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ысык-Көлдө баңгизаты менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция кызматкерлерине Ысык-Көл районунун аймагында "Узун" лакап аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шериктери менен баңгизаттарын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Ысык-Көл райондук милициясында "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында эмес даярдоо" беренеси кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 13-декабрында милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чолпон-Ата шаарынын тургуну, 1978-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран кармалып, ага тиешелүү турак жайын тинтүү учурунда салмагы 1 кг 250 гр түзгөн баңгизаты табылып алынган.

Кылмышка шектүү Т.Э. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тийиштүү экпертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.