Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 751

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Кочкор-Ата аймактык ооруканасына тиешелүү болгон объектилерди жана жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, 1993-жылдан 2009-жылга чейин ММБФнын түштүк аймактык башкармалыгы, ошондой эле Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аталган аймактык оорукананын балансында турган объекттерди жана жер участокторун мыйзамсыз ээликтен чыгаруу системалуу негизде жүзөгө ашырылгандыгы такталды.

Жалпысынан 4 административдик имарат, ошондой эле төрөт бөлүмүнүн бир бөлүгү, мындан тышкары, жалпы аянты 28 сотых жер тилкелери ээликтен ажыратылган. Натыйжада учурда оорукананын аймагында 2 турак үй жана 2 жеке клиника, ошондой эле 5 дарыкана курулган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы №37 Жарлыгына ылайык, социалдык инфраструктура объектилери жеке жактарга сатылууга тийиш эмес. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын     Жер кодексинин 44-беренесине ылайык, имараттар жана курулмалар, курулушка бекитилген жер участогуна болгон укуктан ажырагыс болуп саналат.

Учурда КР УКМК прокуратура менен биргеликте бул объектилерди шаардык оорукананын балансына кайтаруу процедурасын баштады.