Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 542

Баңгизат сатуу менен алектенгендер кармалды.

Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда И. аттуу жаран милиция кызматкерлерине баңгизат (экспертиза аныктаган) өткөрүп берген. Факт боюнча иш козголуп, Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылындагы жайгашкан үйлөрүнүн биринде 37 жаштагы Б.Т. жана А.Н. аттуу жарандар кармалган.

"Шектүүлөр турган үйдүн жер төлөсүнөн баштыкчаларга салынган 1 150 даана өңү жашыл күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Мындан сырткары, жалпы салмагы 26 килограмм 907 грамм болжолдуу баасы 2,5 миллион сомду түзгөн баңгизаттар алынган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киризилгени кошумчаланды.