Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 479

Бишкек шаардык милициясынын расмий маалыматы

"Спутник-Кыргызстан" маалымат порталынын маалыматында, окуя атактуу боксчу Орзубек Назаровдун залында болгон. Алдын ала маалыматта бокс боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиевге белгисиз адам келип, экөө чатакташа кетишкен. 

Келген киши ок чыгарып, Ниязалиевди жана дагы бир адамды аткан. Аткан адамдары каза болду деген ойдо куралчан киши өзүнө кол салганы айтылган Ниязалиев аман калган.

Бул окуяга байланыштуу, Бишкек шаардык милициясы төмөнкүдөй маалымат берди:

Алдын ала маалыматтар боюнча, М. жана Н.  аттуу адамдардын ортосунда акчанын айынан түшүнбөстүктөр болуп келген. Биринчи киши экинчи адам иштеген 7-кичи райондогу спорт залга нааразылыгын айтуу үчүн барган. Чатак ырбап,  Н. аттуу жаранды аңчы мылтыгы менен ичке атканы айтылат. 

М. андан кийин арачага түшкөн Э., аттуу кишини бутка аткан. Ал мылтыкты өзүнө мээлетпөө аракети менен каршылык көрсөтүп, экөө жерге жыгылган. Кол салды деген кишинин башына бул курал талашта кокусунан ок атылып, көз жумганы айтылды. Ага чейин келген адам өзүнө кол салганы болжолдонуп жаткан. 

Бул окуянын негизинде “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, окуянын дагы башка жагдайлары аныкталууда.