Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
УКМК тарабынан документтерди жасалмалоо, объекттерди мыйзамсыз басып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Ата райондук ИИБнын мурдагы башчысы А.А.К. жана Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы Р.Т.Р. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
2023-жылы Р.Т.Р. жайыт комитетинин отурумунун протоколун жасалмалап, А.А.К.га Жээк айыл өкмөтүндөгү эс алуу аймагы үчүн 2 га айыл чарба багытындагы жер участогун мыйзамсыз бергени аныкталган. Көрсөтүлгөн жерге туруктуу имараттар курулуп, “A.R.Z.” эс алуу борбору уюштурулган.
КР УКМК мыйзамсыз берилген мүлктөрдү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.