Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 444

Бишкек, “САЯСАТ.KG”. Бул тууралуу бүгүн  КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында "Кыргызнефтегаз" ААКнын мурдагы жетекчиси Б.Р.А. аталган ишкананын 383 590 даана акциясын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, 2019-жылы Б.Р.А. «Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап, бул ишкананын активдерин жана мүлктөрүн орусиялык «Газпром» ААКсына сатуу боюнча мамлекеттик программаны шылтоолоп, миноритардык акционерлерден баалуу кагаздарды сатып алуу иштерин уюштурган. Кийинчерээк өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, компаниянын аталган акцияларын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алып, аффилирленген жактарына каттаткан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.Р.А. өз ыктыяры менен “Кыргызнефтегаз” ААКнын аффилирленген жактарына таризделген жалпы суммасы 65 615 400 сомду түзгөн акцияларын мамлекетке өткөрүп берди.