Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 676

Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

Ош областынын Өзгөн районунун Көк-Таш тилкесинде 24 баш жылкы малын Өзбекстан мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан учурунда Кыргыз Республикасынын жараны Б.Т.Ж. кармалды.

Picture background

Көрсө, кармалган Б.Т.Ж. 24 баш жылкыны Өзбекстандын жараны “Хабибилло” менен алдын-ала макулдашып Өзгөн шаарындагы мал базардан сатып алган. 80 миң сом өлчөмүндө сыйакы үчүн чек ара тилкесинде инженердик курулуштар жок Көк-Таш айылынын аймагынан кошуна мамлекетке мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ушул сыяктуу эле, Аксы районунун Кара-Төбө айылында 10 жылкыны айдап өтүүгө аракет кылган 1999-жылы туулган «К.у.Б» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.

КР мыйзамына ылайык, кармалган 34 баш жылкы мамлекетке конфискацияланууга тийиш. Бул жылкылар мамлекеттик чек араны коргоодо пайдалануу үчүн КР УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын балансына өткөрүлөт.