Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 588

Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 2024-жылдын 2-сентябрында КР Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда КР УКМКнын "Ак-Жол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында «Дженго» каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши өлтүрүү менен соттолгон, 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.У.Ж кармалды. 

 Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн алкагында, Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын октябрь айында криминалдык кошуундарды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралардын алкагында тинтүү-иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бул иш-аракеттердин натыйжасында, А.У.Ж.нын жашаган жеринен жашыруун алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ошондой эле ок-дарылар табылып алынган. Ошол кезде А.У.Ж. укук коргоо органдарынан качып кетүүгө үлгүргөн.

Азыркы учурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошол эле учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы А.У.Ж. жана уюшкан кылмыштуу топтордун башка мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштын мүмкүн болгон фактылары тууралуу: 0995 01-22-10 телефону аркылуу билдирүүнү өтүнөт.