Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 794

Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

УКМК тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын "Ачы" массивинин аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө катышы бар деп Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Улан Батыров кармалган.

Тактап айтканда, Улан Батыров (инициалдары - Б.У.А) Кара-Суу районунун Шарк (азыркы Датка) айыл аймагынын башчысы болуп туруп, башкы планга өзгөртүү киргизип, Датка айыл аймагынын "Ачы" массивинин социалдык объектилеринин жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аймагындагы 10 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз бергендиги аныкталды.

2024-жылдын 30-августунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүнү уюштурууга катышкандыгы үчүн У.Батыров кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.