Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 774

Бишкек, “Саясат.kg”.  Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

УКМК Ош ШИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте мыйзамсыз эмгек миграция каналына каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жарандык калкка медициналык кызмат көрсөтүүгө адистешкен чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктап, бөгөт койду.

Тактап айтканда, 1984-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын жараны Э.О.А, 1975-ж. туулган  Египеттин жараны А.М.Е.нин мүмкүнчүлүгүн тартуу менен Ош шаарындагы жеке үйдө “Ойдин” аталышындагы ден соолукту чыңдоочу борбор уюштуруп, анда КР Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты жана тиешелүү лицензиясы жок медициналык кызматтардын айрым түрлөрү (ички органдардын ооруларын диагностикалоо, фитотерапия, хижама, массаж ж.б.) көрсөтүлгөн.

Аталган факты боюнча материалдар электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, бул багыттагы иштер улантылууда.

Калктын саламаттыгын сактоо, ошондой эле квалификациясыз медициналык жардамды болтурбоо максатында КР УКМК Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген медициналык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиясы бар медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.