Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
УКМК өлкөдө уюшкан топтор менен күрөшүү, аларды каржылоо, ошондой эле кылмыштуулукка тиешеси бар адамдардын ишмердүүлүнө бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.
Кечээ, УКМК тарабынан “Кылмыштардын бириктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде 1956-жылы туулган Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарыныны тургуну “М.М.М.” аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.
Кармалган жаран УКМК органдары тарабынан буга чейин издөө жарыяланган Өзбекстан өлкөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев (каймана аты “Салим-бойвоча”) менен жана буга чейинки КР УКМК тарабынан кармалган 1978-жылы туулган “З.Э.Т.” менен биргеликте Ташкент шаарында жолугуусу маалым болгон (сурөтү такталган).
Жүргүзүлгөн тиешелүү тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, кармалган жаран УКТнын идеологиясынан баш тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийүүсүн билдирген.