Буга чейин Түштүк Азия өлкөлөрүнүн биринин 4 жаранын мыйзамсыз кармап, аларды уруп-сабаган делип тигүү цехинин 57 жаштагы кожойкеси менен кошо эки чет элдик да колго түшүрүлгөн.
Видеодо цехтин ичинде чет өлкө жарандарын тээп, уруп, атургай таяк менен сабалганы көрүнүп турат. Милиция кармалган аял менен эки чет элдик №1 тергөө абагында экенин белгиледи. Шектүүнүн 25 жаштагы кызына аралыктан көзөмөлдөп туруу үчүн электрондук билерик тагылган.
Шектүүлөр жумушчуларды кездеме уурдаган деп айыптап, милицияга арыз менен кайрылышканы белгилүү болду.
Sputnik_Kyrgyzstan