Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады
УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында завод жана ага жанаша жайгашкан 16,05 га жана 1,2 га стратегиялык маанидеги объекттерди (өнөр жай карьерин) белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды.
Белгиленген өндүрүштүк комплекс шагыл, майдаланган таш ж.б. казуу боюнча карьерди, ошондой эле чийки заттан жасалган жогорку сапаттагы курулуш материалдар заводун камтыйт, буга байланыштуу жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында наркы 1 млрд. 953 млн. сомду түзгөн 17,7 га жер тилкеси мамлекеттин пайдасына алынды.
Белгилей кетсек, 20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке адамдарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес.
Жыйынтыгында Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Мындан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланды.
Учурда КР УКМК бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө, ошондой эле мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүүнүн башка фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.