Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 523

Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-августта Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Руслан жана Исламбек Матраимовдор ушул тапта Ошто тергөө абагында камакта жатат.

Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ош облустук соту 6-августта Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Булак: azattyk_radiosu