Бишкек, “Саясат.kg”. Ноокат районунун прокурорунун орун басары УКМК менен Башкы прокуратуранын ички иликтөө кызматы тарабынан кармалды.
Маалым болгондой, Ош облусунун Ноокат районунун прокурорунун орун басары Э.С.К. кылмыш иши боюнча маселени оң чечкени үчүн ишкерден 4000 АКШ долларын опузалап талап кылган.
Ноокат райондук прокуратурасы ишкерге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү уюштуруу үчүн Ноокат РИИБне өткөрүп бергендиги аныкталды.
Райондук прокурордун орун басары Э.С.К. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тергөө органдарына кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна көзөмөлдүк кылып, тергөөчүлөргө ар кандай кысым көрсөтүп, мыйзамдуу процессуалдык чечимдерди чыгарууга тоскоолдук кылган. Ишкер мамлекетке келтирилген 121 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экендиги эске алынган эмес.
Белгилей кетчү нерсе, менчик ээсине же башка тарапка келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда, тийиштүү тарап Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш.
Бирок прокурордун орун басары ишкерди соттуулугу менен коркутуп, бардык лицензиялык жана уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу менен жогорудагы сумманы опузалап талап кылган.
Мындан улам, 2024-жылдын 23-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында акча каражаттарын өткөрүп берүү фактысы катталып, Э.С.К.нын жеке унаасын жана иш кабинетин тинтүү учурунда 3500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты табылды.
Аталган жаран кармалып, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.