Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 672

Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМК тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын жалпы аянты 2,30 га жер тилкесин мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы аныкталды.

2003-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен тил табышып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Ак-Талаа АТП" ААКтын жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

2024-жылдын 19-августунда бааланган наркы 45 млн сом болгон аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.