Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу КР УКМКнын Басма сөз борбору кабарлады.
КР УКМК тарабынан уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 1967-жылы туулган Г.Ж.А. аттуу КР жараны кармалды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке адамдар сымаптын ири партиясын Баткен облусунан Бишкек шаарына сатуу максатында ташып келүүнү пландап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Жайыл районундагы "Төө-Ашуу" ашуусунда Г.Ж.А. аттуу жарандан, унаасын тинтүү учурунда 40 кг сымап табылып, кармалган, ал аны Бишкек шаарына 8 миң АКШ долларына сатууну пландаган.
Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары, анын ичинде уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.