Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
УКМК мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкелерин аныктоо жана аларды мамлекеттин менчигине кайтаруу иштерин улантууда.
Анын алкагында Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагынын аймагындагы баасы 35 миллион 865 миң 868 сомду түзгөн 5 гектар жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды. Аталган жер тилкеси 2024-жылдын мартында туристтик жана рекреациялык пайдалануу үчүн жеке колго мыйзамсыз чыгарылган.
Жүргүзүлгөн иликтөөнүн алкагында участок айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылып, муниципалдык менчик катары калыбына келтирилген.
УКМК тарабынан мындай коррупциялык схемаларды аныктоо жана алдын алуу боюнча активдүү чаралар улантылат.