Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 689

Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара тилкесинде контрабандалык ишмердикти аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун аймагында Казакстандан Кыргыз Республикасына ири мүйүздүү малды алып өтүү аракети токтотулду.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 15-августунда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги “Ак-Таш” тоолуу аймагында КР УКМК жана  Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте Казакстан Республикасынан КР аймагына мыйзамсыз мал алып өтүү учурунда КР жарандары, Талас районунун Сары-Булак айылынын жашоочулары Ш.К.Д. жана С.у.Б.ны кармады.

Учурда бул факты боюнча КР УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.