Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 585

Бишкек, “Саясат.kg”. КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан “Токмок ПАТП” ААКны (автобекет) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Аны 1997-жылы ар кандай үлүштөрү бар жеке адамдар мыйзамсыз жеке менчикке чыгарып кетишкен, Ошол эле учурда мамлекеттин үлүшү 30%ды түзсө да, мамлекет «Токмок ПАТП» ААКтын ишмердүүлүгүнөн эч кандай дивиденд албай келгендиги белгилүү болду.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө аталган акционерлер “окмок ПАТП” ААК Токмок автобекетинин мыйзамсыз менчиктештирилген фактысын таанып, базар баасы 117 млн сомдон ашык болгон аталган объектти жер тилкеси жана административдик имараты менен өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берген.