Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 776

Бишкек, "Саясат.kg". Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы блоггер Мирланбек Маратбек уулунун үйү эмнеге тинтүүгө алынганын комментарийледи. 

Эске салсак, бүгүн, 15-августта М.Маратбек уулу "Фейсбук" баракчасы аркылуу  түз эфирде үйү тинтүүгө алынып жатканын билдирген. Айрым интернет колдонуучулар муну М.Маратбек уулунун уран казууга каршы посттору менен байланыштырган.

Облустук милициянын маалыматына караганда, М.Маратбек уулунун жашаган жеринде тинтүү ишин жүргүзүүгө санкцияны Каракол шаардык соту берген. Себеби, ага карата Каракол шаардык ИИБ тарабынан "Экстремисттик материалдарды жасоо жана таркатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, тийешелүү экспертизанын корутундусу алынган. 

"Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кеңири маалымат бере албайбыз. Бирок, анын үйүнө тинтүү жүргүзүү Маратбек уулунун жазган постторуна эч кандай тийешеси жок. Бардыгы мыйзам жүзүндө жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда",- делет милициянын маалыматында.