Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 651

Бишкек, “Саясат.kg”. “Йакын-Инкардын” мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартып, светтик жашоого макул болушту

КР УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 29-июнунда тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү: 1972-жылы туулган Р.Б.К., 1966-жылы туулган М.А.Ч., 1970-жылы туулган М.Ш.С жана 1980-жылы туулган К.Р.А. аттуу жарандар кармалган.

Аталган адамдар буга чейин Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, ошол эле учурда өздөрүнүн ишенимдеринен улам үй-бүлө мүчөлөрүнө орто билим алууга жана медициналык тейлөө кызматтарын пайдаланууга жол беришкен эмес.

КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №53 мекемесинде камакка алынгандар менен экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча тиешелүү түшүндүрүү-алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Натыйжада, алар өз иш-аракеттеринин туура эместигин түшүнүшүп, "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынын идеологиясынан баш тартышты. Андан ары КР УКМК кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кармалгандардын үй-бүлөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында балдарга жаңы окуу жылынан баштап мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк берүү, ошондой эле поликлиникада каттоого туруу жана тейлөө боюнча милдеттенмелер алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик агымдардын жана уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер улантылууда.