Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 4982

Бишкек, “Саясат.kg”. Кылмыштуу топтун курамында “Бишкек Башкыархитектура”, “Кадастр” жана курулуш компаниянын жетекчилери болгон.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдалануу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаранын алкагында кылмыш иши козголуп, анын жүрүшүндө курулушка жарыяланган социалдык объектинин ордуна ижарачылар тарабынан турак жайларды мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды.

Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы № 417 токтомуна ылайык, «О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынышы керек болчу. Бирок, буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн.  Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып, жана инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында «О» ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аны сатып жиберишип, Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары шаарда жетишсиз болгон бала бакчадан ажырап калган.

Ошентип, мамлекетке 52 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген, ал ушул күнгө чейин «О» курулуш компаниясы тарабынан төлөнбөй келген.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде  «О» ЖЧКсынын ээси - Т.И.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда бул кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.