Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 932

Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 6-апрель күнү Каракол ШИИБке 1938 ж.т. жергиликтүү жаран - А.Пирожков арыз менен кайрылып,  17-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта үйүндө киши жоктугунан пайдаланып, Каракол шаарынындагы ага тиешелүү үйдөн 15 даана бал челек, “Индезит” үлгүсүндөгү 1 даана муздаткыч, кара түстөгү сыналгы, 1 даана чугундан жасалган ванна, 2 даана трансформатордун багы, гаражда турган эски муздаткыч, 2 даана газплита,  1 даана газ балон жана башка темир тезектери белгисиз адамдар тараптан  уурдалгандыгы жөнүндө билдирген. 

Аталган факты боюнча арыз Каракол ШИИБтин КБРне  катталып, тергөө кызматы тарабынан КР жазык кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Каракол ШИИБтин Жыргалаң шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан, ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүү учурунда, 1961 ж.т. П.А. аттуу жаран кармалып, өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. 

Учурда шектүү жарандын Каракол шаарында жана облустун башка аймактарында орун алган уурдоо фактыларына тиешеси бар, же жоктугу текшерилүүдө.

Шектүү катары кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.